Португалияда жөө адамдар үчүн эң узун асма көпүрө курулду

Португалиянын Аруока сейил багында жөө адамдар үчүн дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө курулду. Аруока 516 деп аталган көпүрөнүн узундугу 516 метр.

Көпүрө Агуейрас шаркыратмасы менен Аруока сейил багындагы Пайва капчыгайын байланыштырып турат. Көпүрөдөн өтүү болжол менен 10 мүнөткө созулат. Көпүрөнүн курулушу үч жылга созулуп, 2020-жылдын июль айында аяктаган.

Аруокадан мурун эң узун көпүрө Швейцарияда болуп, анын узундугу 494 метрди түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан