Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуялар боюнча кайрылуу жасады

Бүгүн, 30-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги окуяларга байланыштуу кыргыз элине кайрылуу жасады. Кайрылуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Урматтуу мекендештер! Чек арада тынчтыкты көздөп, стабилдүүлүктү сактап калууга күч үрөгөнүбүзгө карабастан, айрым чагымчыл күчтөрдүн кесепетинен улам Кыргыз-Тажик чек арасында кайгылуу окуялар башталып кетти. Биз бул окуяларды ырбатпай, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан элинин ортосундагы ынтымак-ырашкерликти сактап калуу үчүн эки күндөн бери бардык аракеттерди жасап жатабыз.

Чек ара тилкесин аныктоо — карапайым элден да, жетекчиликтен да өтө аярлыкты жана тыкан ишти талап кылган маселе. Дүйнө элинин тарыхы буга күбө. Мындай олуттуу маселелер тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу гана чечилип келген. Тажик Республикасынын жетекчилери, байыркы тажик элинин акылгөй адамдары дагы ушундай эле көз карашта экенине ишенем.

Биздин элге тынчтыкты сүйүүчүлүк, бири-бирин урматтоо мүнөздүү. Буга биздин көп кылымдык тарыхыбыз далил. Эки элдин достугу "Манас" эпосунда Манас атабыздын Каныкей апабызга сүйүүсү, арзуусу аркылуу чагылдырылгандыгы тегин жерден эмес!

21-кылымда кыргыз менен тажик эли ынтымакта жашоонун өрнөгүн көрсөтүүгө тийиш. Буга биздин коңшу болгонубуздан сырткары, табигый ресурстарга ээлик кылганыбыз да милдеттендирет. Мен суу маселеси жөнүндө айтып жатам. Себеби Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан таза суунун запастарына ээлик кылуу жагынан алдыңкы орунда турган өлкөлөрбүз.

Тилекке каршы, куралдуу кагылышуунун аягы карапайым адамдардын тынч жашоосун бузуп, адам өмүрүнө жана экономикалык чыгымга алып келди. Эки тараптан тең чоң жоготуулар болду. Учурдан пайдаланып, жакындарынан айрылгандарга терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мекен чегин коргоодо жан аябай салгылашып курман болгон жоокерлердин эрдигине таазим этем. "Согушту башташ оңой, токтотуш оор" деп айтылат. Тынчтык жана бейпилдик баарынан кымбат.

Бир нече жылга созулган жарандык согушту баштан кечирген тажик эли дагы муну жакшы түшүнөт деген ойдомун. Улуу Орозо айында мусулман калктарынын кырды бычак болуп кырылышып турганы жакшы жосун эмес. Ошондуктан бардык тараптарды тынчтыкка чакырам.

Азыр эле Тажикстандын президенти Эмомали Шарипович менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Чек аралар жана башка бардык маселелерди тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечип алалы деп келиштик. Эс-тутумум жаңылтпаса, мындан 16 жыл мурда бүгүнкү күндөгү көйгөйдү эскерттим эле. Тагдырдын буйругу менен дал ушул көйгөйдү чечүү менин өз моюнума туш келген экен. Кудай буюрса, жакынкы араларда чечишип алабыз.

Учурдан пайдаланып, "Баткенге барабыз, элибизге жардам беребиз" деп демилге көтөрүп жаткан жаштарыбызга, мекенчил жарандарыбызга ыраазычылык билдирем жана эмоцияга алдырбооңуздарды суранып кетем.

Баарын тынчтык жолу менен чечип алалы!", - деп жазылат президенттин кайрылуусунда.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 154 адам жаракат алып, 31 адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан