Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда курман болгон 29 жаштагы капитан Нурсултан Манасбек уулу бүгүн, 1-майда өзү туулуп-өскөн Аксы районунун Дейрес-Сай айылында жерге берилди.
Маркумдун Бексултан аттуу досу буга чейин SUPER.KG порталына анын үй-бүлөдө төрт бир туугандын үчүнчүсү болгонун, Баткенде бир жылдан бери иштеп жаткандыгын, ошондой эле бойдок экендигин айткан болчу.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда кыргыз тараптан расмий маалымат боюнча 31 адам көз жумуп, 154 адам ар кандай жаракат алган.
SUPER.KG'нин жалпы жамааты чек арадагы чырда каза болгон жарандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана аза-кайгыларын тең бөлүшөт!