Биздин жоокерлерге ок чыгарганга уруксат берилбей жатат. Бул тууралуу Лейлек районунун тургундары бийлик өкүлдөрүнө кайрылып жатып билдиришти.
"Согуштун башталганына 3 күн болду. Кыргыз тараптан 1 да ок чыккан жок. Аталы десек уруксат бербей жатышат. 3 тосмодон өтүп келдик. Абал туруктуу дегени менен, андай эмес экен. Жарым саат мурда бир баланын бутуна атып кетишиптир. Арка, Достук айылдарын биздин бийлик Тажикстанга бергени жатабы? Бул жакта көптөгөн үйлөр, мал тонолду. Ал үчүн ким жооп берет? Максат айылында 93 үй өрттөнүптүр, мен барып санап келдим. Достук айылы ок жыттанып турат. Айылды аралап өтө албайбыз. Ар 10 метр сайын бирден тажик жоокери, бирден танк турат. Биздин танкисттер келгени менен, ок атууга уруксат жок экен. Анда эмнеге келишти? Болбосо жөнөкөй жарандарды коё берсин, өзүбүз кирип атабыз", - деди жергиликтүү тургундардын бири.