Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго чек арада курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 1-майда телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаровго Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

Телефон аркылуу сүйлөшүү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен ишке ашкан. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Баарлашуунун жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев чек арадагы жаңжалды тынчтык жолу менен ынак коңшулук, өнөктөштүк жана боордоштук маанайда жөнгө салуунун маанисин баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан