Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кан тапшырып жаткан сүрөтү интернет желесине тарады.
"Исмаил Ата" кайрымдуулук фондунун маалыматына ылайык, ал чек арадан жабыркагандар үчүн кан тапшырды.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы кандуу окуялардан улам акыркы сааттарга карата 34 адам каза болсо, 163 адам ар кандай жаракаттарды алды.
Буга чейин "Исмаил Ата" кайрымдуулук фонду тарабынан Баткенге жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдар жеткени маалымдалган.