Исмаил Матраимов атындагы коомдук кайрымдуулук фонду Баткендеги абалга байланыштуу гуманитардык жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
"Баткендеги кырдаал боюнча фонд чечим кабыл алып, дары-дармек, тамак-аш жана эң биринчи кезекте өмүргө өтө маанилүү болгон муктаждыктарды жеткирип жатабыз. Тамак-аш, суу май, макарон жана жалаяктар бүгүн Баткенге жеткирилди. Жардам көрсөтүү улантылат", - дешти аталган фонддон.