Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кеңеш айылындагы мечиттен өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө Кант шаарынан жана Ысык-Ата районунан 3 бөлүм тартылганын куткаруучулар министрлигинен кабарлашты.
ӨКМнын маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, өрт тууралуу билдирүү нөөмөт бөлүмгө 1-майда таңга маал келип түшкөн.
Жерине саат 06:59да бир бөлүм, саат 07:15те экинчи бөлүм тартылган. Андан кийин дагы бир бөлүм тартылып, саат 11:28де өрт толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар катталган жок.
Өрт кырсыгынын болжолдуу себеби электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.