УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги Максат айылына келгенде "кагылышуунун болорун алдын ала билгенбиз" деген пикирин айтты.
"Ушул маселенин болуп кетишин биз билгенбиз. Бизде маалыматтар болгон. Ошонун негизинде даярданганбыз. Биз ар жактан ар түрдүү күчтөрдү, өзүбүздүкүлөрдү алып келдик. Ошолор бул жерди сактап калбаса да, башка жакты сактаганга аракет кылышты", - деген Ташиев.
Ага журналисттер тарабынан "Сиз кагылышуу боюнча алдын ала маалымат бар болчу деп айттыңыз. Кагылышууну билсеңиз алдын алсаңыз болот беле?" деген суроо берди.
Ташиев: "Кагылышуу болот деп эч ким билген эмес жана аны билүү мүмкүн да эмес болчу. Бирок кайсы бир деңгээлде чек арабыздагы абалдын курчуп жатканы белгилүү болгон. Тийиштүү чараларды көргөнбүз. Ошол чаралардын кайсы бир деңгээлде пайдасы тийди деп ойлойм", - дейт.