Абидин Турсунбаев ушул жылдын 1-июлунда 5 жашка толмок. Бирок ал азыр арабызда жок. Наристе 29-апрелде коогалаңдуу чек ара чырында жааган октордон качып бара жатып, сууга түшүп агып кеткен. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Барчын Аманова бүгүн, 3-майда билдирүү жазып, наристени эскерди.
"Кечир бизди, наристе. Арабыздагы дагы бир периштебиз, келечектеги бир үй-бүлөнүн ээси болчу наристе учуп кетиптир. 29-апрель күнү саат 19.15те Арка айылынын тургундары Тажикстан кол салган дүрбөлөңдөн атылган окту угуп жатышты. Бир кезде жардыруулар башталып, сыртка атып чыкса эле үйлөр өрттөнүп баштайт. Анда "качкыла!" деген кыйкырык угулат. Мындай апаатты өмүрүндө көрбөгөн карапайым элдин баары тоону көздөй качып жөнөшөт.
Абидиндин апасы да уулун колунан сүйрөй, экинчи наристесин бооруна кысып, эл менен кошо чуркайт. Арасында жашы, карысы, боюнда бар келиндер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. Эмне болгон апаатты түшүнбөгөн эл Фергана каналынан өтмөкчү болот. Эми жетишкенде кезектеги снаряд жарылып, Абидин сууга түшүп агып кетет. Денесин чоочун кишилер көрүп калып кармап калышат, дагы 200 метрдей агып барса, тажиктер тарапка өтүп кетип, табылбай калмак экен.
Наристе 1-июлда 5 жашка толмок. Ата-эненин тун уулу, таттуу небере.
Өз айылына көмүүгө болбой калыптыр, тажиктер атып жатышкан. Даргаз айылына жерге беришиптир.
Эмомали Рахмонов, шейит кеткендерге сыздагандардын көз жаштары сага тынчтык бербесин. Сен террорист, киши өлтүргүч, кылмышкерсиң!", - деп жазды Аманова.
Ал эми бул боюнча Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова менен байланышканыбызда, ал мындай маалымат облустук милицияга келип түшө электигин кабарлады. Айтымында, алар бул маалыматты тактап, расмий маалымат беришет.