Бишкекте тогуз коргоол боюнча республикалык чемпиондук өттү

25-апрелден 30-апрелге чейин Бишкек шаарында тогуз коргоол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан 120 спортчу катышты. Оюнчулар адегенде жеке (стандарт), андан кийин командалык мелдеште күч сынашып, акырында "Блиц" ойношту.
Жыйынтыктар:
Эркектер арасында:
1-орун – Жамакеев Анарбек (Бишкек шаары);
2-орун – Исмоилов Муратали (Бишкек шаары);
3-орун – Дуулатбеков Марлис (Бишкек шаары).
Кыз-келиндер арасында:
1-орун – Бактыбекова Айзада (Бишкек шаары);
2-орун – Асейева Адина (Бишкек шаары);
3-орун – Эсеналиева Гүлзат (Ош шаары).
Командалык эсепте, эркектер арасында:
1-орун – Бишкек шаардык курама командасы (Жамакеев Анарбек, Тынарбек уулу Амантур, Дуулатбеков Марлис жана Нурсеитов Аким);
2-орун – Чүй облусунун курама командасы (Сыргак уулу Сырттан, Сманов Миран, Качкынов Муса, Нурбеков Делмар);
3-орун – Ош шаарынын курама командасы (Дүйшөнкул уулу Азизбек, Камил уулу Куштарбек, Абдазов Шергазы, Нурбеков Темирлан).
Командалык эсепте, кыз-келиндер арасында:
1-орун – Бишкек шаарынын курама командасы (Бактыбекова Айзада, Сарыкеева Гүлжамал, Сагынбекова Жаңыл, Асейинова Адина);
2-орун – Ош шаарынын курама командасы (Нурбек кызы Айдай, Эсеналиева Гүлзат, Бакытбек кызы Мадина, Рахманали кызы Разия);
3-орун – Талас облусунун курама командасы (Керимбекова Аида, Искенова Айдана, Калыбаева Перизат, Замирбекова Жазайым).
"Блиц", эркектер арасында:
1-орун – Дуулатбеков Марлис (Бишкек шаары);
2-орун – Жамакеев Анарбек (Бишкек шаары);
3-орун – Сыргак уулу Сырттан (Чүй облусу);
3-орун – Исмоилов Муратали (Бишкек шаары).
"Блиц", кыз-келиндер арасында:
1-орун – Бактыбекова Айзада (Бишкек шаары);
2-орун – Эсеналиева Гүлзат (Ош шаары);
3-орун – Бакытбек кызы Мадина (Ош шаары).
Белгилей кетсек, чемпиондук Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын тогуз коргоол федерациясы тарабынан өткөрүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан