Аксы РИИБинин жетекчисине жана кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы райондук ИИБинин  жетекчисине жана кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 28-июль күнү 6 адамдан турган белгисиз топ күч колдонуу менен 1995-жылы туулган кызды зордуктап коюшкан. Жабырлануучу ооруканага жаткырылып, медицина кызматкерлери зордуктоо фактысы тууралуу Аксы райондук ИИБге маалымдашкан. Аталган органдын кызматкерлери бул оор кылмыш тууралуу билишсе да, арыз жаздыртпай, окуяны каттоодон өткөрбөй туруп, "жабырлануучу жеңил эле жаракат алган" деп ишти жаап коюшкан. Эми Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Аксы райондук ИИБдин жетекчисине жана кызматкерлерине Кылмыш жана Жаза кодексинин 304-берене (кызмат ордун кыянаттык менен колдонуу), 315-берене (кызмат ордун пайдалануу менен документтерди жасоо), 326-берене (далилди бурмалоо), ал эми зордуктаган 6 адамга 129-берене (зордуктоо) жана 234-берене (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан