Коронавирустун кесепетинен карантин киргизилген кыш айларынан кийин Нидерландыда жаздын жарчысы болгон жоогазындар түркүн-түстүү гүлдөрүн ачып, элге үмүт тартуулап жатат.
Дүйнөгө белгилүү Кёкенхоф гүл бакчасында 7 миллиондон ашык жоогазын, гиацинт, нарцисс жана башка гүлдөр гүлүн ачты. Бирок быйылкы жылы өтө тынч, анткени өкмөт коронавирустун алдын алуу иш-чараларынын алкагында, жыл сайын миллиондогон туристтерди кабыл алган сейил бакты ача элек.
"Кёкенхоф марттын аягынан майдын ортосуна чейин жылына 8 апта гана иштейт. Өлкөнүн учурдагы чектөө режимин эске алганда, сейил бак май айынын ортосунан баштап ачылышы мүмкүн", - деп билдирди сейил бактын жетекчиси.
Пандемияга чейин сейил бакты көрүү үчүн чет өлкөдөн жылына болжол менен 1 жарым миллион турист келчү.