Социалдык тармактарда Кыргыз өлкөсүнүн аскер кызматкерлери чарчагандан улам катуу уйкуда унаада уктап бара жатышкан сүрөтү тарады. Бул Баткендеги Кыргыз-Тажик окуясынан кийин тартылганы жазылат маалыматтарда.
Эске салсак, 29-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында чыр күчөп, ал тажик тараптын агрессивдүү ок атуу, үйлөрдү өрттөөсү менен уланган. Анын кесепетинен Кыргыз өлкөсүнүн расмий маалыматтары боюнча, 35 жаран каза болуп 200гө жакын адам жаракат алды. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чырдан улам келтирилген чыгымдар такталып жатканын маалымдаган.