Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда 2006-жылы туулган Вадим Колесников аттуу бала изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал 31-март күнү Военно-Антоновка аймагындагы балдар үйүнөн чыгып кеткен бойдон бүгүнкү күнгө чейин кайрылып келген эмес. Милициянын билдирүүсүнө караганда, жогорудагы дайынсыз жоголгон өспүрүм буга чейин бир нече жолу балдар үйүнөн качып, милиция кызматкерлери тарабынан кайра кайтарылган. Акыркы жолу бала 2020-жылдын декабрь айында табылып, балдар үйүнө өткөрүп берилген.
Мындан сырткары Сокулук РИИБине Бишкек шаарынын аймагында тилемчилик кылып жүрөт деген маалыматтар дагы келип түшкөн.
Белгилери: бою 145 сантиметр, арык-чырай, чачы, көздөрү кара.
Милиция жогорудагы сүрөттөгү баланы көргөн билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюну өтүнөт: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86,0701 80 18 03.