ЖЫЛНААМА, 5-МАЙ: Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугун коргоонун эл аралык күнү

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктарын коргоо, аларды ишке орноштуруу сыяктуу маселелерге көңүл буруу максатында 5-майда Майыптардын укугун коргоонун эл аралык күнү белгиленет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугун коргоого багытталган бул күндү белгилөө 1992-жылдын 5-майында башталган. Ал күнү Европадагы 17 мамлекет физикалык, психикалык жактан чектөөлөрү болгон адамдарды дискриминациялоого каршы жана алардын укугун коргоого багытталган иш-чараларды өткөрүшкөн.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер жүзүндө 1 миллиарддан ашуун адам майыптуулуктун кайсы бир түрүнөн жабыркайт. Алардын 100 миллиондон ашууну - балдар. 2006-жылы 13-декабрда Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясына кол коюлуп, ал 2008-жылы 3-майда күчүнө кирген.

5-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан