Садыр Жапаров жаңы Баш мыйзамга кол койду (видео)

Бүгүн, 5-майда Кыргыз өлкөсүнүн Конституция күнү. Бул күнү Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасайт. Иш-чарага мурунку президенттер Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомдук-саясий ишмерлер катышып жатат. Анда президент жаңы Баш мыйзамга кол койду.

Иш-чарада Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сөз сүйлөп, жаңы мыйзам долбоору кабыл алынганын билдирди.

Ага ылайык, референдумга добуш бере турган жарандардын жалпы саны 3 606 201ди түзгөн. Анын 36,66 пайызы (1 322 124) шайлоого катышкан. Добуш бергендердин 79,32 пайызы (1 048 660) Кыргыз өлкөсүндө президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоорун колдогон. Калган 13,72 пайызы (181 370) каршы добуш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан