Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда өлкө элине кайрылуу жасады.
Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусунун толук тексти.
"Урматтуу кыргыз элим!
Кадырлуу калайык калкым!
Киндик каны тамган Ала-Тоосунан алыста, чет жерде, чет өлкөлөрдө жашап жаткан бир боор агайын-тууган, эже-карындаштарым!
Мен бүгүн тагдырдын буйругу, эл-журтумдун эрки менен алдыңарда туруп, Баш мыйзамга — Конституцияга кол койдум! Силердин ар бириңерге, жаш-кары дебей, ар бир уул-кызыбызга кайрылып жатам! Кыргыз өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуяларга күбө болдук. Тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактап калуу үчүн тийиштүү чаралар көрүлдү.
Ошол эле учурда азыркыдай экономикалык абдан оор кырдаал, кризистик жагдай мага чейинки бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмес. Эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард дефицити менен алдым. Анысы аз келгенсип, пандемиянын кесепетинен бардык өлкөлөр менен карым-катнаш, соода-сатык бүгүнкү күнгө чейин токтоп турат. Мен өткөндү жамандап, акаарат айтып, күнөөлүүлөрдү издегим келбейт. Даанышман элибиз кимдин ким экенин ансыз деле жакшы билет.
Андыктан азыркы кайрылуумду коллективдүү ой-толгоонун корутундусу, эл-журттун үмүт-тилегинин жалпылаштырылган жобосу деп атасак да жарашат. Президент катары менин убактым өтө аз экенин жакшы түшүнүп турам. Эгемендүүлүккө ээ болгондон берки изденүүлөрдөн соң биздин акыбалыбызды минтип сыпаттасак болот:
— элибиздин салт-санаасынын, маданий жана рухий дөөлөттөрүнүн деградацияга кириптер болду;
— коомубуздун чар-жайыттыгы;
— мамлекетти башкаруу системасы сенектикке учурашы;
— экономика чабал;
— өлкөбүздүн сырткы күчтөрдөн, асыресе ресурстардан жана таасир этүүчү борборлордон көз карандылыгы.
Урматтуу кыргыз элим! Былтыркы жылы мамлекетибиз үчүн абдан оор жыл болду. Ички дүң продукциянын өсүш темпи дээрлик 9 пайызга төмөндөдү. Бул акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Бюджеттин дефицити мурдагы жылдарга караганда 3 эсеге өсүп, ички дүң продукцияга карата 3 пайызды түздү. Ал эми жыл соңуна карата тышкы карызыбыз ички дүң продукцияга карата 58 пайызды түзүп, эң эле опурталдуу чекке жетти.
Биз билекти түрүнүп, белди бекем бууп, алдыга карай иш-аракеттирибизди күчөтүшүбүз керек. Жакын арада шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Бул жолку шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо милдети турат.
Анткени административдик кийлигишүүгө тыюу салганыбыз менен добуштарды сатып алуу сындуу көрүнүштөр кечээги жергиликтүү шайлоолор маалында байкалды.
Экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн бир нече милдетти ишке ашыруу зарыл. Биринчи милдет — мамлекетке инвестициялардын агымын жогорулатуу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү. Ал эми өкмөт менен Улуттук банктын алдындагы эң чоң милдеттердин бири — экономиканы капитал менен камсыздоо.
Экинчи милдет — өлкөбүздүн изоляцияда калуусуна жол бербөө.
Мунун эки шарты бар: биринчиси, соодадагы негизги өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүгүрүшүн камсыздоо. Экинчи шарты, вакцинация маселеси.
Калкты эмдөөдөн өткөрбөсөк, пандемия шарттарында жарандардын ары-бери каттоосуна бөгөт болгон маселеге айланат.
Өкмөттүн алдындагы үчүнчү милдет — азык-түлүк товарларынын кымбаттап жатышына жол бербөө.
Урматтуу кыргыз элим!
Кадырлуу калайык калкым!
Эгерде биз жүүнү бош, дарамети тайыз мажүрөө эл болсок, анда тарыхтын тегирменинде калып, ың-жыңсыз жоголгон эчендеген эл сыяктуу эле эбак атыбыз өчүп, жок болмокпуз.
Бирок биз кең Евразиянын мейкиндиктеринде, ондогон кылымдар бою кыргыз экенибизди унутпай, жемибизди жедирбей, өз шыбагабызды көшөрүп талашкан өжөр элбиз.
Цивилизациялар чектешкен, түркүн маданияттар ашташкан жердин чок ортосунда жашап жатабыз.
Демек, кыргыз ааламын таанып, өз жолубузду, башкача айтканда экономикалык моделибиздин өзүбүзгө ылайык ыгын табуу зарыл.
Баарыбыз чогуу жакында эле анык көрдүк, күн сайын көрүп жатабыз. Эл адилетсиздикке чыдай албайт, укуктарын чектеген жашоого макул эмес.
Биз табигый башкаруу, улутубуздун табиятына жараша башкаруу концепциясын киргизебиз.
Анын негизги жобосу — ар кандай чечим кабыл алуудан мурда жарандардын кызыкчылыктарын алдын ала макулдашып алуу.
Дал ушул себептен улам биз Конституцияга Курултай институтун киргиздик.
Биздин республиканын экономикалык өнүгүүсүнүн мындан аркы пландары жөнүндө көз карашымды билдирүүгө уруксат этиңиздер.
Биз экономикалык реформаларды жүргүзөбүз, анын ичинде фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өркүндөтөбүз.
Баарын камтыган элемент катары санариптештирүүнү жүзөгө ашырабыз.
Биз мамлекеттик жеке өнөктөштүк диалогун жаңы деңгээлге чыгарабыз жана бизнести угууга даярбыз. Андыктан 2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы Салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзамды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизебиз. Экинчиден, бизнестин сот системасынын калыстыгына, адилеттүүлүгүнө жана объективдүүлүгүнө ишениши маанилүү.
Пландалып жаткан соттук реформанын алкагында менчик укугун коргоо күчөтүлөт жана третейдик сот интситуту өнүктүрүлөт. Үчүнчүдөн, биз тышкы соода структурасын сапаттуу өзгөртүүнү жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну камсыздашыбыз керек. Тышкы соода операцияларын жүргүзүү бизнес үчүн ыңгайлуу, тез жана жөнөкөй болот. Ошондой эле транспорттук-логистикалык интеграцияны камсыз кылуу, ата мекендик продукциянын сыртка чыгуудагы көйгөйлөрүн чечүү маанилүү.
Республикабыздын аймагы аркылуу өткөн эл аралык темир жолдорго интеграцияланган темир жол системасынын жоктугунан өлкөбүздүн транзиттик потенциалы өнүкпөй жатат.
Бул кадамдардын мамлекеттин стратегиялык максаттарына жана милдеттерине шайкеш келиши абзел. Бешинчиден, мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Мамлекеттик менчикке караганда, менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады. Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктөрдү болсо министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек.
Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жер реформасын жүргүзүү жана жер ресурстарын башкарууну модернизациялоо талап кылынат. Жерлерди башкаруу институттарын чыңдап, жер рыногун калыптандырууну аягына чыгаруубуз зарыл. Республиканын жер фондун инвентаризациялоо, жер кадастрын жаңылоо жүргүзүлөт. Айыл чарба секторунда реформанын стратегиялык максаты — азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу. Экономиканын дагы бир стратегиялык сектору кен байлыктарды иштетүү өнөр жайы. Бул тармакты өнүктүрүү улуттук мыйзамдарды жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык стандарттарды сактоонун, кен чыккан жерлерди рационалдуу иштетүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
Атаандаштык күчөгөн, анан калса тез өзгөрүп жаткан дүйнөлүк экономиканын шартында креативдүү идеялардын мааниси чоң. Учурда өлкөдөн чыкпай туруп эле каалаган дүйнөлүк компанияларга онлайн иштеп, өзүңө да, өлкөгө да пайда келтирсең болот. Мисал катары айта кетейин, Кыргыз өлкөсүндө ийгиликтүү иштеп жаткан жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин кирешеси 5 жыл ичинде ондогон эсеге өскөн. Алардын кызматын пайдаланган кардарлар дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнүн өкүлдөрү. Мамлекет мындай демилгелерди көбүрөөк колдоого жана алардын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө тийиш.
Бул багытта Глобалдык экологиялык жана климаттык фонддордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга аракет жасашыбыз керек. "Өнүгүү ресурстары" улуттук программасынын алкагында, суу маселесинин үстүндө олуттуу иш жүргүзүү зарыл. Биз ар дайым мамлекеттин көңүлү адамга бурулушу керек деп айтып келебиз. Ошол эле учурда адам коомсуз жана коомдон тышкары жашай албайт. Адамдын приоритети — бул өзүнүн эркин экенин, корголгонун, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү бар экенин сезиши керек.
Бүгүнкү күндө 100гө жакын этностун жана этностук коомчулуктардын өкүлдөрү жашап, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошуп келе жатат. Биздин негизги ураан: "Бирдиктүү эл — өнүккөн өлкө!“.
Мамлекетибизде диний көп түрдүүлүк да орун алган, учурда 30дан ашык конфессиянын өкүлдөрү бар. Мамлекет дин менен кызматташып, коомубуздун келечекте тынч жана бакубат өнүгүүсүн камсыздашы кажет. Ар бир жарандын башка жарандардын ишенимин сыйлоо маданиятын өздөштүрүшү келечек үчүн маанилүү. Элибиздин биримдигин, ынтымагын камсыздоо мамлекеттик саясаттын эң маанилүү багыттарынын бири.
Кыргызды дүйнөгө тааныткан акындык, төкмөлүк, манасчылык институттарын, мындан сырткары улуттук көркөм өнөрдү, кыргыз адабияты менен киносун колдоого алып, өнүктүрүү зарыл. Коомдук теле-радио корпорациясын реформалоо керек. Сырттан маалыматтык технологияларды алып келүү аркылуу теле-радио корпорацияны Кыргыз өлкөсүн тааныта турган глобалдык медиа-долбоорго айландырса болот. Кыргыз дүйнөсүн сактап калууда кыргыз тилинин орду өзгөчө.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы мамлекеттик саясаттын милдеттүү элементи болот. Кыргыз тили ыргыз элинин бардык өкүлдөрү үчүн интеграциянын жана коммуникациянын инструменти болууга тийиш.
Социалдык сектор мамлекеттин негизги жана приоритеттүү чөйрөсү болуп саналат, мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдарынын 50 пайыздан ашыгын түзөт. Каржылоонун көбөйүшүнө карабастан, тилекке каршы акыркы жылдарда кандайдыр бир кескин оңолуу байкалбайт. Биз бюджеттик мыйзамдарды кайрадан карап чыгабыз. Пандемия дээрлик бардык тармактарда, өзгөчө социалдык тармакта биздин системалуу көйгөйлөрдү ачык көрсөттү.
Дары-дармек каражаттарына бааны жөнгө салуу механизмдерин киргизүүнү тапшырам. Баса белгилеп кетейин, медицина кызматкерлеринин кадрдык потенциалын сактоо маселесин чечүү зарыл. Биз бул багытта айлык маянаны көбөйтүү менен бир аз кадам жасадык. Биз жалпы билим берүү системасын реформалашыбыз керек. Экономиканын муктаждыктары үчүн иштеген, жаңы мезгилдин талаптарына ылайык болгон билим берүү системасын түзүүнү тапшырам. Мектеп бүтүрүүчүлөрү мезгил талабына ылайык, заманбап билимге жана жөндөмгө ээ болушу шарт.
Учурда турак жай боюнча жаңы мамлекеттик программанын долбоору иштелип чыкты, анын максаты кыймылсыз мүлккө болгон бааны төмөндөтүү, анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, өлкөнүн бардык аймактарында арзан турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү. Анализге ылайык, жакынкы алты жылда 800 миң чарчы метр турак жайдын курулушун каржылоо үчүн мамлекеттик турак жай фондун каржылоого 30 миллиард сом тартылат.
Коомго тобокелчиликтерди жана коркунучтарды туудурган, ыңгайсыздыкты жараткан ондогон факторлор бар. Бирок мен мамлекеттик укук коргоо системасынын иш-аракеттеринен улам келип чыккан көрүнүштөргө гана токтолоюн. Укук коргоо органдарынын жана сот системасынын иши бүгүнкү күндө адам укуктарына жана адам коопсуздугуна коркунуч келтирген тобокелчиликтердин негизги булагы болуп калды.
Тергөө иши күн мурунтан эле айыптоочу тарапта болбостон, ишти калыс иликтеп, сот адилеттүү болушу керек.
Ал эми экинчи себеби — тергөөчүдөн каалаган корутундуну, соттон болсо кандайдыр бир өкүмдү сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берген коррупция. Көп жылдардан бери укук коргоо органдарын, сотторду реформалоо жөнүндө айтылып келет, бирок ушул күнгө чейин бул кырдаалды өзгөртүү боюнча натыйжалуу иш жасалган жок. Мыйзамдын үстөмдүгү орномоюн, биздин жарандардын коопсуздугуна кепилдик берилмейин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү мүмкүн эмес. Ошондуктан биринчиден, укук коргоо системасын реформалоо эң оболу мыйзамдын кадыр-баркын калыбына келтирүүгө жана жарандардын бийлик институттарына болгон ишенимин арттырууга багытталууга тийиш.
Экинчиден, кадрдык саясатты түп-тамырынан бери өзгөртүү жана өркүндөтүү, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу.
Мындай кылмыштар үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу керек деп эсептейм. Ошондуктан мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү даярдоону тапшырдым. Ошону менен катар эле майда кылмыштуулукка байланыштуу мыйзамдарды гумандаштыруу боюнча да ишти улантуубуз керек. Ал үчүн керектүү укуктук негиздер бар. Тергөөнүн жана соттун мындай кылмыштарды туура квалификациялоосуна жетишүү керек.
Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык мамилелердеги жалпы багытына токтоло кетейин.
Кыргыздар эзелтен ачык жана меймандос эл. Биздин мамлекет бардык эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен кызматташууга умтулат. Бирок өз кызыкчылыгыбызды эске алып, башка өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына урмат көрсөтүү менен мамиле жасаганыбыз табигый нерсе.
Биз эки тараптуу форматта, мамлекет башчыларынын Борбор Азиядагы жолугушууларынын, ошондой эле 5+1 форматтарынын алкагында иш алып барабыз деген ойдобуз. Салттуу тышкы саясий иш-чаралар менен катар эле, биз өнүгүүнүн тышкы ресурстарын колдонууга багытталган атайын программаны ишке киргизүүнү көздөп жатабыз. Кыргыз жарандарынын дүйнөлүк алдыңкы университеттерде билим алуу жана чет өлкөлүк адистердин Кыргыз өлкөсүнүн билим берүү мекемелеринде окутуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтсек дейбиз.
"Кыргыз Ааламы" улуттук программасы иштелип чыгып, бул долбоорго өзгөчө маани берилет.
Экинчи жагынан биз элдик кошуундарды түзүүгө өтөбүз.
Бул система чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Башкаруу системасын өзгөртпөсөк, анда биз аныктаган иш-аракеттердин планы ишке ашпайт. Жаңы Баш мыйзам мындай өзгөрүүнүн пайдубалын түптөдү. Президенттин жана өкмөттүн аппараттарынын бири-бирин кайталоосу жакынкы күндөрдө, жакынкы арада жоюлат. Аткаруу бийлигинде төрт багытта башкаруу блогу болот:
(1) Министрлер кабинети элдин жашоосун жакшыртууну камсыз кыла турган үзгүлтүксүз жана натыйжалуу ишти уюштурат.
(2) Коопсуздук кеңеши коопсуздукту камсыз кыла турган жана кризистик кырдаалдарда иш алып барган түзүм болот.
(3) Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жана анын катчылыгынын базасында өлкөнүн өнүгүүсүн башкаруу системасы түзүлөт.
Бул түзүм, стратегиялык маселелер, ири инвестициялык долбоорлор, реформаларды даярдоо жана аларды ишке ашыруу, ошондой эле улуттук программаларды көзөмөлдөө менен алектенет.
(4) Биз улуттук маданиятты, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү, кыргыз коомунун кайра идентификациялоо — улуттук кайра жаралуу процесси, кыргыз диаспоралары менен өз ара байланышуу маселелерин өзүнчө блокко камтыйбыз.
Жалпы элибиз менен бирдикте, эл талап кылган иш-чараларды аткарууга менин күчүм жана эрким жетет. Биздин сапар — келечекке, татыктуу жашоого, өсүп-өнүгүүгө карай улуу сапар деп терең ишенем. Мындай улуу мүдөө-максатты кыргыз эли өз тарыхында бир эмес, бир нече жолу ишке ашырган. Биз дагы сиздер менен биргеликте бул максатты ишке ашырабыз. Ылайым Жараткан жар болуп, Кыргыз өлкөсү тез өнүгүү жолуна түшүп, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулсун!"