Бүгүн, 5-майдан 6-майга караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык беттешинин экинчи күндүк жооптук оюну болот. Бүгүнкү оюндун жыйынтыгы менен финалга чыккан "Манчестер Ситинин" атаандашы аныкталат.
Бүгүнкү оюнда лондондук "Челси" командасы өз үйүндө күчтүү делинген Испаниянын "Реал Мадрид" клубун кабыл алат. Оюн башталардан мурун SUPER.KG порталы финалга ат салышып жаткан эки команданын статистикаларына көз чаптырды.
"Челси" Европа мелдештеринде "Реал Мадрид" менен бешинчи жолу беттешет. Буга чейинки төрт беттеште бир дагы жолу жеңилген эмес (2 жеңиш, 2 тең чыгуу). Бул эки команданын ортосундагы беттеш биринчи жолу "Челсинин" үйүндө, тагыраагы "Стэмфорл Бридж" стадионунда өтөт.
"Реал Мадрид" клубу Чемпиондор Лигасында англиялык клубдар менен болгон акыркы төрт оюнда жеңишке жетише элек (2 тең чыгуу, 2 жеңилүү). Ушул оюндарда "Реал" эки гана гол киргизген.
Зинедин Зидандын төртүнчү жолу Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык баскычынан өтүп, мелдештин тарыхындагы финалга чыгуу боюнча рекордун кайталоого толук мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бүгүнкү оюнда жеңиш гана керек (Алекс Фергюсон, Карло Анчелотти жана Марчелло Липпилерде 4төн).
Челси" төртүнчү жолу Чемпиондор Лигасынын финалына чыгышы мүмкүн. Бул Англия клубдарынын арасында Чемпиондор Лигасынын финалында эң көп ойногон "Манчестер Юнайтед" менен "Ливерпуль" футболдук клубдарынын катарына кошула алат (Аларда 4төн). Бул үчүн "Челси" дагы бүгүнкү оюнда жеңишке жетиши керек.
Эки команданын болжолддуу курамын сунуштайбыз (расмий курам азырынча жарыялана элек):
"Челси": Дарбазачы: Эдуар Менди;
Коргоочулар: Андреас Кристенсен, Тиагу Силва, Антонио Рюдигер, Сесар Аспиликуэта;
Жарым коргоочулар: Бенжамин Чилвелл, Жоржиньо, Н'Голо Канте;
Чабуулчулар: Мейсон Маунт, Тимо Вернер, Кристиан Пулишич.
"Реал Мадирд": Дарбазачы: Тибо Куртуа;
Коргоочулар: Федерико Вальверде, Эдер Милитао, Серхио Рамос, Начо;
Жарым коргоочулар: Тони Кросс, Каземиро, Лука Модрич;
Чабуулчулар: Винисиус Жуниор, Карим Бензема, Марко Асенсио.
"Челси" (Англия) - "Реал Мадрид" (Испания);
"Стэмфорд Бридж" стадиону, (Лондон шаары, Англия);
Башкы калыс: Даниэле Орсато (Италия);
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
Бул эки команданын алгачкы оюну 28-апрелде Мадрид шаарында өтүп, 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.