Кантип балага ачууланбоо керек? Мыкты тарбиячы болуу үчүн эмнелерди эске алуу зарыл? Ата-энелер үчүн пайдалуу кеңештер

Бала тарбиялоо ар бир ата-эненин түмөн түйшүктүү милдети, жумушу десек жаңылбасак керек. Ар бир ата-эне үлгүлүү, төгөрөгү төп келген, тагыраагы идеалдуу тарбиячы болууну самайт эмеспи. Тилекке каршы, жогорудагы кыялдарды ишке ашыруу оңойго турбайт. Бала тарбиялоо боюнча маалыматтар интернет айдыңында "козу карындай" жайнайт. Алардын арасынан керектүү жана маанилүү кеп-кеңештерди топтоп чыктык.

Кантип балага ачууланбай коюу керек?

Өз сезимдерин башкара турган ыкмаларды колдонуу ата-энелерге эң жагымсыз кырдаалды да конструктивдүү диалогго которууга жардам берет.

Ар бир ата-эне өмүрүндө жок дегенде бир жолу баласына кол көтөрүп алгандыгы үчүн өзүн күнөөлүү сезген. Идеалдуу апа жана ата бир гана китептерде жана ата-эне жөнүндө биздин ойлорубузда. Бирок чындыгында эң токтоо жана адептүү бала да бизди тең салмактан чыгарып салышы мүмкүн. Убагында уктагысы келбегендиктен, жаңы жуулган полго шире төгүп алса... Ачууланууга ар кандай нерсе себеп болот.

Эсиңизде болсун! Сиздин кыжырыңыз келген учурда бала сизди авторитет катары кабыл албай калат, анын көзүндө сиз агрессор болуп каласыз. Дал ушул реакциядан баш ийбөөчүлүк, өжөрлүк жана көбүнчө кыжырдануу жаралат. Ошондуктан ачууланбоо өтө маанилүү. Сиз балага карата таарынычты, нааразычылыкты көрсөтө аласыз, бирок агрессияны көрсөтө албайсыз.

Бөбөгүңүздүн жүрүм-турумуна карата мындай "пландалбаган" реакцияны жеңүү үчүн ачууңузду ооздуктоого жардам бере турган бир нече жүрүм-турумдар менен таанышыңыз.

Мен канча жаштамын?

Сиз ачууланып, балага кыйкырууга даяр болгондо, өзүңүздөн "мен канча жаштамын?" деп сураңыз. Бул сизге кичинекей балаңыздай иш алып барууну ойлонууга убакыт берет. Бала кезиндеги сезимдериңизди жана эмоцияларыңызды эстеп көрүңүз. Ал кезде сизде да турмуштук тажрыйбанын запасы жок болгондой эле балаңыздын да тажрыйбасы жок. Ал чоңдор күткөндөй сезимдерин жана эмоцияларын туура билдирүүнү ар дайым эле биле бербейт.

Себебин табыңыз

Сизди дайыма тажаткан нерселер аз. Жакшы маанайда биз майда-чүйдө нерселерге көп маани бербейбиз. Бирок чарчап турганда килемдин үстүндөгү нандын күкүмү дагы ачуулануу сезимин пайда кылышы мүмкүн. Урушуудан же кыйкыруудан мурун өзүңүзгө "мен эмнеге ачууланам?" деген суроо бериңиз. Анын негизги себеби - чарчоо, жумуштагы кыйынчылыктар, уйкусуроо. Булак табылгандан кийин аны менен күрөшүү оңой болот.

Стоп сөзүн ойлоп табыңыз

Кайра-кайра кайталанган жагдайларды чечүү кыйыныраак. Мисалы, балаңызды бала бакчага же мектепке алып барарда ал жай кийинип, убакытты талап кылат, жумушка кечигип каласыз. Мындай жүрүм-турум тажатат, бирок сиз дагы деле болсо агрессияны жеңе албайсыз. Ачуу төгүлө баштаганда стоп сөзүн колдонуңуз. Бул адаттан тыш, артыкчылыктуу күлкүлүү болушу керек. Бул тыныгууга убакыт берет.

Балаңыз менен ойноңуз

Чыр-чатак учурунда сиз чоң адам бойдон калышыңыз керек, бирок бул оюнга тиешеси жок. Сынак уюштуруңуз - ким биринчи кийинет же тамак жейт. Сиздин жана балаңыздын көңүлүн көтөрө турган нерселердин бардыгын жасаңыз.

Юмор жөнүндө унутпаңыз

Баланы тарбиялоо бул узак жылдарга созулган процесс. Эгерде сиз ага жөн гана чыр-чатактарды кантип чечүү керектигин айтып берсеңиз же тамашалар менен жашоо оңой деп айтсаңыз, анда майнап чыкпайт. Бала кичинекей кезинен баштап сиздин жүрүм-турумуңузду көчүрүп алат. Демек, сиздин кыйкырганыңыз жана ачууланганыңыз ал үчүн кадимки эле жүрүм-турум болуп, аны агрессивдүү адам кылат. Эгер сиз чыр-чатакты тамаша менен чечсеңиз, анда ал бул ыкманы тез эле өздөштүрөт.

Кээде балага ачууланбай коюу өтө кыйынга турат. Көбүнчө балдар биздин күзгүбүз экендигин унутуп калабыз. Темперамент ар башка болсо дагы, көптөгөн адеп-ахлак, мимика, сөздөр жана жашоо образды ал сизден көчүрөт. Ошондуктан ар бир ата-эне өзүнөн башташы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ErkinOkenovich
2021-05-05 18:05:36
Маалыматыныздар үчүн чоң рахмат!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан