Кыргыз өлкөсүнө 5 мобилдик мультидиагностикалык клиника келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мультидиагностикалык клиникалар 2014-жылдын 3-декабрында Сауд Араб падышалыгынын Мекка шаарында кол коюлган макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында алып келинди.
Бул клиникалар Түркиядагы заводдордо даярдалган жана республиканын айыл-кыштактарында жана алыскы райондорунда медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.