"Үйүм толугу менен күйүп кетти...". Баткендин Арка-2 айылынын тургуну гуманитардык жардам адилеттүү бөлүнбөй жатканын айтты

Баткендин Арка-2 айылынын тургундарына гуманитардык жардамдар жетпей жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Райхан Сатыбалдиева SUPER.KG порталына билдирди.

Райхан Сатыбалдиева алардын айылына кол салган тажиктер эч нерсесин калтырбай тоноп кетишкенин айтты.

"Айылда эң көп биздин көчө жабыркады. Тажиктер үйүбүздө эмне болсо, ошонун баарын алып кетишиптир. Ал эмес ар бирибиздин үйүбүзгө кирип жашашыптыр. Менин үйүм толугу менен күйүп кетти. Башкалардын үйүн аткылашыптыр. Октордун чачырандылары жатат. Бирөөнүн унаасын уурдап кетишиптир. Азыр эми ушинтип жабыркап отурсак, айыл башчылар, айылдык кеңештин депутаттары башка аймактардан келген гуманитардык жардамдарды элге бербей, кампаларга, мечиттерге сактап коюп жатышат. Бергиле деп барсак өзүбүз беребиз деп, дааналап беришет. Эмне үчүн бербей жатканы түшүнүксүз.

Социалдык тармактарга жүктөп, жарыя кылгандан кийин айыл башчы келип "Эмне болуп жатасыңар?" деп жатат. Жалаяктар фуралап келди го. Балалуу энелерге дааналап берип жатат. "Качкыла" дегенде жаныбыз аман калсын деп эч нерсебизди алууга үлгүргөн эмеспиз. Биз жалпы коомчулукка айта кетмекчибиз. Гуманитардык жардамды алып келгендер үймө-үй таркатып, элдин батасын алып, ыраазычылыгын уксун. Жогорку жактагыларга берип, чыныгы жабыркагандарга жетпей калып жатат", - деди ал.

Эске салсак, Баткенде кырдаал курчуп кеткенден кийин өлкөнүн дээрлик бардык аймагынан юридикалык жактар, жергиликтүү тургундар жабыр тарткандар үчүн гуманитардык жардамдарды жөнөтүшкөн.

Эскертүү! Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.

"Арка-2 айылынын тургундарына гумпомощь берилбей жатат", -дейт айылдын тургуну
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Luna7
2021-05-05 17:23:46
Кече теледен коруп атам айтып атты эле Эл жакшы жардам берип атат,ошону болуштургондорго ыйман берсе экен деп
+1
Miraida-toktosunova
2021-05-05 17:32:23
Ошончо адамдын эмгегин жебегиле сураныч эмне барса бергиле таркаткыла. Адамдарга жакшылык кылалы сообу тийет
+2
Nina.alex
2021-05-05 17:38:20
Чондо тазале олгон экен да
+5
zam81
2021-05-05 17:39:52
Эл бергендида жешет олуп эле кетесинерго кичекей балдар чогултканын берип жатат ошону коруп кантип тамагынан отот элди чырылдатпай бергиледа
+4
Aibek_eka
2021-05-05 17:41:02
Тешип чыкырлар ушу элдин жардамын да адилеттуу болбогон иттер
+6
Jibakana
2021-05-05 18:17:53
Aibek_eka,бул собакаларга каргыш да тийбейи
+5
Urmat78
2021-05-05 18:25:14
Жардам берип аткандар дагы бергиси келбей калат эми.Жетпейт экен деп ансыз деле кобу берейин деп коркуп атышат жеткирбей жеп коюшат деп
+2
Jaraisyn
2021-05-05 18:26:11
Оаа башталды өзүңөр менен өзүңөрдү уруштурат эми бул жардамды бөлүүгө начальник болгондор
+2
nazira...
2021-05-05 18:30:49
Сразу эле [moderated]га чыгарбай, кайрылчууларга кайрылбайбы эркектеринер. Шүгүр кылып турсаңар жетет силерге да, уят болбой күтө тургула. Билбей жатышса керек да, өзүңөр деле коңшу айылдагыларга айтып адресиңерди берип койгула. Эми бул да тагдырга жазганы, Ош окуясында өзбөктөр айтты эле"бай менен кедейибизди бирдей кылып койдуңар" деп, ошонусундай бай кедейге карабай бирдей үй салынып, бирдей гумпомощ таркатылат да эми. Сабыр кылып тургула, алты саныбыз аман калганына шүгүр кылып ту
-2
Orozaly737373
2021-05-06 00:20:53
nazira...,тууган бул жактан карап туруп сабыр кылган башка балдары менен Кочодо калганда ал да колунан келген нерсени кылып жатат
+1
Rashingo
2021-05-05 19:52:09
Оздорунун чонтогунон берип жаткансып,беришпейби элдикин элге!Сактап алып не кылышат,оздору ич ара болуштуролу деп атышат да
+3
Gulizaa
2021-05-05 23:09:23
Уялышпайт да экен да ал нерсе жукпайт да Бир кун Кайра озлорунон чыгып кетет.Элдер акыркы акчасын ,жаш балдар 1 сомдон чогулткан акчасын берип жатышат .Негизи эле андай нерселер калыс болунбочу эле ,чондору жеп олуп жатышса кк да
+1
Nuri1988Elim2010
2021-05-06 00:21:37
Алып баргандар өздөрү эле таратып бериш керек та.
+1
Ali-5
2021-05-06 11:16:35
Берилип жатат туугандар. Ушулар муктаж болсо телефон номерин жазып калтырсын түз алып барып беришет.
+1
amirrus
2021-05-06 12:18:24
Элге азанчы да жаккан эмес,бекер барган нерсени жакшына эле болушуп албайсынар,согуш болбосо эмне кылат эленер,гум.барбаса деле жашоо улана берет,ынтымагы жок Эл экенсинер да озунор,кундо 10-15фура отуп жатат ,ошол кантип жетбесин
0
Nursul
2021-05-06 23:07:52
Ушул нерсени да жеп атышса ташбараңга алып эле олтуруп салыш керек ал акмактарды, тажиктер талкалап кетсе бир жагынан айыл өкмөт айыл башчылары элден барган гум жардамды адилеттүү болуштурбосо өлтүрүп эле салыш керек андай акмактарды эл чыккынчылары деп койот андайларды. Тууган туушкандарына берип жатышса керек акмактар ал нерсени жесенер тозоктун отун жейсинер кыяматта көрөсүңөр ошону.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан