ЭЛДИК КАБАР: "Баткендин Арка-2 айылында стоматологиялык рентген аппараты жок. Ал үчүн Тажикстанга барчубуз" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Баткендеги чек арага жакын жайгашкан Арка-2 айылынын тургуну кайрылды. Анда ал айылда стоматологиялык рентген аппараты жок экендигин, ал үчүн Тажикстандын аймагына барып жүргөндүктөрүн айтып өттү.

"Биздин Арка-2 айылында тиш дарыгерлери бар, бирок бизге жакын 5,6 айылда стоматологиялык рентген аппараты жок. Ал үчүн Тажикстанга барып келебиз. Карантин учурунда дагы барып жүргөнбүз. 2 эсе аларга көп төлөчүбүз. Азыр эми кырдаалга байланыштуу бара албайбыз. Айылга рентген аппараты келсе, коңшу өлкөгө барбайт элек", - дейт айыл тургуну.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан