Буга чейин саясий эксперт, көз карандысыз журналист Айданбек Акматов SUPER.KG порталына чек ара чырына алып келген себептерди айтып маек берген.
Анда ал: "Коңшу тараптын башкы максаттарынын бири сууну көзөмөлдөө болсо, экинчиси Ворух менен Ходжент тарапты туташтырууну ниет кылышкан. Ошон үчүн биздин жетекчилик Ворух менен Исфаранын ортосундагы аймакты катуу кайтарыш керек. Анткени ал биздин аймак болуп эсептелет. Биз ошол жерди алдырган болсок, анда Баткендин жарымы анклавга айланып кетет", - деген пикирин айткан.
Ал эми бүгүн, 6-майда Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан биргеликте Ворухка жол кура турганын расмий кабарлады. Анда эки өлкө делимитация жана демаркация иштери аяктаганга чейин жана Кыргыз-Тажик чек ара чеги юридикалык негизде бекитилгенче Тажикстандын жарандарынын жана жүк ташыган унааларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн Ходжаи Аъло-Ворух жолун кура турганы айтылып, кийин тажик тарап жолду колдоно турганы белгиленет.
Мындан улам бул маалымат тууралуу Айданбек Акматов кайра эле пикирин билдирди. Айтымында, бул тажик бийлигинин максатына жетүүсүнө жеткирчү бирден бир негизги кадам.
"Биринчиден, бул тажик тараптын Ворух анклавы менен Ходжант тарапты туташтыруу боюнча максатына кадам таштоо. Алар чынында максаттарына жакындап жатышат. Биз тескерисинче Лейлек жана Сүлүктү тарапты анклавга айлантууга мүмкүнчүлүк ачып жатабыз. Ал жерде бул жолдун курулушу менен жол курулган жерлердин статусу өзүнчө бир келишим менен аныкталат деп айтылыптыр.
Келишим кандай болот, ал дагы өтө маанилүү. Бирок азыркы учурда Тажик тарап көздөгөн максатына жетип жатканын дагы да баса белгилеп айткым келет. Алардын негизги максаты да Ворухту туташтыруу болчу. Ташиев айткан 4 протоколдо ушул нерсе камтылган. Бул маалымат алгач биз тараптан ачыкталбай, алгач Тажик тараптан ачыкталганы да күмөн жаратат", - дейт Акматов.