Баткенде барымтага алынган айыл башчы: "Дарыланууга Бишкекке бара жатам, антпесе дем алуум жакшы болбой жатат"

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Интернационал айылынын айыл башчысы Мырзабек Жумабаев эки жигит окко учту деген кабарды угуп барып тажик аскерлерине туткундалган.

"29-апрель түнү саат 23:00 чамасында бир-эки үй өрттөндү деген кабар келди. Ал жерге барганга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бир-экөө барган экен, бирок атып салды деген кабар келди. Эртең менен 9дар чамасында айылга бардым. Он чакты бала туруптур, "эмне болуп жатат?" деп сурасам "Максат айылында снайпер менен атып жатат" дешти. Андай болсо мен барайын дедим. Ары барганда эле кыргыздын үйлөрүнө тажиктер жайгашып алышкан экен. "Бери бас" деп эле мени Тажикстанга алып кирип кетишти. Колумду, бутумду байлап алып киришти. Сабашты, ар кайсыны айтып эле ура беришти", - деп айтып берди Жумабеков.

9 киши барымтага алындык. Бири-бирибизди тааныйбайбыз. Аларды урганда балдар кыйкырып жатышты. Эртеси мага телефон алып келип берди, сүйлөштү. Бирок мен ким менен сүйлөшкөнүмдү билбей калдым. Ошол сүйлөшүүдөн кийин алар бизге жакшы мамиле кылып калышты. Бизди жуундурушту, андан кийин чай беришти. "Мына биз силерге ушундай мамиле кылып жатабыз, кыргыздар тажиктерге ушундай кылып жатышабы" деп айтып жатышты. Кыскасы кетерибизде бизге жакшы сүйлөп башташты. Эми айтып барышпасын дешти окшойт. Ал эми берки балдарды катуу ургандыктан алар ооруканада жатат. Мен эми ооруканага Бишкекке кетип баратам. Жакшы дем ала албай кыйналып жатам. Башым дагы ооруп жатат", - деди Жумабаев.

Эске салсак, 29-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында чыр күчөп, ал тажик тараптын агрессивдүү ок атуу, үйлөрдү өрттөөсү менен уланган. Анын кесепетинен, Кыргыз өлкөсүнүн расмий маалыматтары боюнча 36 жаран каза болуп, 189 адам жаракат алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nurelmadina
2021-05-06 20:22:22
Мына ушулул кишини баатыр десек жарашат ели жери учун тазиктерге туткун болгон
+1
Dembele84
2021-05-07 09:54:14
Башка жетекчилерге окшоп качып жонобой,октон каза тапкан айылдаштарын алып чыгам деп тажиктерге кармалыптыр.Мамлекет ушундай адамдарга жардам корсоткулло
+1
rysik79
2021-05-07 10:51:02
Жүрөгүн көтөртүш керек, катуу коркуп калган да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан