"Апа, мен аны кандай сүйөрүмдү сен билесиң да". Уурдалды делген Изат Курбанова ата-энесине кайрылып, өз эрки менен кеткенин айтты

Буга чейин Чүйдүн Лебединовка айылынан 1995-жылы туулган Изат Курбанова уурдалганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматы кабарлаган. Кийинчерээк аны уурдаганга шектелген 1997-жылы туулган Абдумалик Мамаяров изделип жаткандыгы белгилүү болгон.

Уурдалды делген Изат Курбанова өз эрки менен кеткендигин айтып ата-энесине кайрылуу жасады. Мындай видео социалдык тармактарда тароодо.

"Ата, апа, кандайсыңар? Менде баары жакшы, кабатыр болбогула. Мен туура эмес кылдым, бирок, апа, мен аны кандай сүйөрүмдү сен билесиң да. Бул тууралуу мен сага ар дайым айтчумун. Бул үчүн баарыңардын урушканыңарды каалабайм. Чындыгында силердин алдыңарда ыңгайсыз болуп турам. Мен үчүн көп нерсе жасаганыңарды билем. Бирок мен да ушуну кааладым. Ата, апа, ушундай болуп калганы үчүн мени кечирип койгула.

Абдумалик мени уурдаган жок. Мен өз каалоом менен кеттим. Мени кечиргиле", - деп билдирди Курбанова өз кайрылуусунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mister-XXX
2021-05-06 21:55:37
Ошондо жигити өзүнөн эки жаш кичүүбү?
+1
Dembele84
2021-05-06 22:19:49
Ызылдап эркектерди жамандап болбой калдынар эле,эми кичине оозунарды тыйып тынчтанып алаарсынар ?!))))
+20
Ozgocho111
2021-05-06 22:49:15
Кыздарга ыйман берсин, баарын дурболон кылбай кеткен куну эле айтпайбы нары ..
+6
aerforce
2021-05-06 22:54:19
Ңңдуррайындар индийский кино кылбай жон жашоодо омур сурсонор болбойбу?
+16
JaneEr
2021-05-06 22:59:54
Апасын ойлобойбу...
+6
Asmat84
2021-05-07 03:33:17
Биз жакшы убагында үйлөнүп алган экен элек. Келишим менен ала качты кылып эле үйлөнүп алган элек, мурун ушул убак болгондо биз да камалып кетмек экенбиз кыз менен жигит бири бири менен макул болушса үйлөнүп алышканы жакшы эле го заманды көрүп атасыңар, кымбатчылык эркектер үйлөнбөй кыздар эрге тийе албай өтүп кетишбесин. Жигиттер эми кыз качыра турган болсоңор ээн талаага барып, же бчкнын боюна барып камерасы жок жерден кызга зв кылып мен түшпөйм унаадан өзүң келчи деп эле суйлошкулочу
+5
ainura220888
2021-05-07 07:55:34
Видео кыз ыйлап калган жерлеринде узулуп узулуп турат. Может заставили????
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан