13-май Орозо айт майрамы деп белгиленди

13-май, бейшемби күнү Орозо айт майрамы деп белгиленди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

"Ислам шариатында Орозо айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат.

Орозо айы кээде 30 же 29 күн болот. Пайгамбарыбыз өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда отуз күндү толуктагыла” - деп буйруган.

Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде Кыргыз өлкөсүнүн Мусулмандарынын дин башкармалыгы 2021-жылдын 13-май, бейшемби күнүн Орозо айт майрамы деп белгиледи", - деп айтылат маалыматта.


Эскертүү: Жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан