Чек ара чырында жабыркап, борбордо дарыланып жаткандардын ар бирине шаардык бюджеттен 10 миң сомдон бөлүндү

Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан жабыр тартып, Бишкек шаарында дарыланып жаткан бейтаптардын ар бирине шаардык бюджеттен 10 миң сомдон бөлүнөт. Бул тууралу шаардык мэриянын маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек шаарында 56 адам дарыланып жатат.

"Алардын ичинен 11и Улуттук госпиталда, 9у Улуттук хирургия борборунда жана 36сы Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан Кыргыз өлкөсүнүн расмий маалыматтары боюнча, 36 жаран каза болуп, 189 адам жаракат алды. Мындан тышкары үйлөр, мектептер жана башка имараттар өрттөлүп, ири суммадагы материалдык чыгымга алып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан