SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Талас облусунун тургуну кайрылып, COVID-19'га каршы эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлбөй жатканын айтып өттү.
"Өзүм мугалим болуп иштейм. Кытайдан келген вакцинаны каалагандар аласыңар деп сыналгыдан көрсөткөнү менен, андай болбой жатат. Мугалимдерди, бала бакчада иштегендерди баарын кыйнап эмдөөдөн өткөрүп, жадакалса жумуштан чыгарып жиберебиз деп коркутуп жатышат. Бул нерсе мыйзамдуубу? Президент өзү баш болуп алган жок го. Эмне үчүн карапайым баягы эле мугалимдерди кыйнай беришет? Канчалык деңгээлде жумуштан чыгарып жиберебиз деп коркутуп эмдөөдөн өткөрүүгө укуктары бар?" - деп кайрылды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.