Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Кыргыз президенти айдын аягында Москвага барат

Бүгүн, 10-майда Орусия тараптын демилгеси менен президент Садыр Жапаров жана Орусия федерациясынын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчылары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен бири-бирин куттукташты. Орусия президенти ошондой эле кыргыз элин Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын кабыл алынышы жана күчүнө кириши менен куттуктады.

Баарлашуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесинде жакында болуп өткөн жаңжалга байланыштуу кырдаал талкууланды. Владимир Путин кыргыз элине чек ара жаңжалынын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон гуманитардык жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ушул жылдын май айынын аягында президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапарын макулдашты. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери каралат. Тараптар ЖККУнун, КМШнын жана ШКУнун алкагында, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушат.

Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар, анын ичинде Орусия вакцинасын Кыргыз Республикасына жеткирүүнү талкуулашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
daryaelim
2021-05-10 16:17:19
Текстин башында демилгеси менен дегенден кийин Кыргыз Республикасынын деп жазсанар туура болчудай шашпастан
-2
Alinur96kg
2021-05-11 03:55:06
daryaelim,кыскасын айтканда кыргыз президентти орус президент чакырыптыр.Озубуз тушунуп койо берели.
0
daryaelim
2021-05-10 16:17:58
Же президент десе
-1
Elaman0693
2021-05-10 16:21:08
Сабаттуу анан паразиттер Буга эмне дейсинер? Жакшы ойунар барбы деги, Кудайым буйруса жакшы болот Кыргыз элим, колдойлу бийликти! Кубаттайлы!
+7
Shabi
2021-05-10 17:18:30
Elaman0693,силер кандай немесинер садырдын фанаттары.путин менен садыр суйлошуп жоолугуп калса эле ооу шумдук болду Путин менен суйлошту жолукту деп мактап жатып каласынар,а Путин жоолукпай чакырбай койсо,садырыбыз ансыз деле иш кылат,путиндин кыргызстанга вообще кереги жок деп каласынар.реалдуу нерсени коруп реалдуу нерсени суйлогонду уйронсонор боло,таззале зомби фанат боло бербей же Путин менен болгон мамиле кыргызстанга керек экенин билдинерби эми.
0
zhazgul98
2021-05-10 19:00:46
Shabi,
Россия биз үчүн өтө маанилүү өнөктөш. Кол үзбөш керек. Россияга өчөшүп, Турция, Араб өлкөлөрүнө барып чөгөлөп кереги жок. Россия бүткүл планетанын өткөнүнө, бүгүнкүсүнө жана келечегине чоң таасирин тийгизген өлкө. Бул эң маанилүү стратегиялык ресурстар жайгашкан дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири: ири жана билимдүү калк, алдыңкы технологиялар жана пайдалуу кендердин ири кендери, кол тийбеген экосистемалардын ресурстары бар эбегейсиз чоң аймак.
+1
Elaman0693
2021-05-10 19:02:55
Shabi,Путин болобу башка болобу мамилебиз жакшы болсун! Садырдын эмес Кыргызстандын фанаты десен бизди! А силер сабаттуулардын фанаты!
0
Antiradikal5
2021-05-10 19:15:03
Elaman0693, сен даканса, Садырдын зомбиси болосун... Бут сабатсыздар дакансалар, Садыр менен Камчынын озуно окшогон.....
-3
Shabi
2021-05-10 21:02:18
Elaman0693,Кыргызстандын фанаты деп тим эле.Садырдын фанаты болуштан акырындан четтеп баштагансын го байкуш.туура кыласын садырдын кебетесин денгээлин коргон,сен сяктуу фанаттар,сендей болуп четтей башташты
-4
mira28
2021-05-10 16:22:13
Путин Крымды откоруп алгандай эле башка олколордо тарыхтагы карта менен такталбаган жерлерди откоруп алса болот деп ойлойт окшойт.Армения Азербейджандын ортосуна да от жаккан дал ушул инсан болду.Эми болсо телефондо байланышпайт деп жатып Имомали кетээри менен Жапаровту Москвага чакырганы дагы деле калын элге белгисиз сыр бойдон калатго.
+5
Rifle_I
2021-05-10 16:24:27
Айла жок.
Биздин мамлекетти дарак деп кабыл алсак, анда чоң чоң тамырын Россия деп билиш керек. Себеби көп жылдардан бери жасалмабы же табигыйбы биз көз каранды экенибизди билишибиз керек.
Азыр көп нерсени Россиядан импорттойбуз. Бул ГСМ, газ, строй материал. Анан да мигранттарыбыз.
0
Rifle_I
2021-05-10 16:25:56
Абсолютно көз карандысыз болуш үчүн анда башында эле бизде Каримовго окшогон, же Назарбаевге окшогон президент болуп көп завод фабрикаларды сактап калыш керек эле. Анан да айыл чарбаны түптөн, өнүктүрүп кеткенде азыр деңгээлибиз жогору болмок.
+5
Rifle_I
2021-05-10 16:26:36
Биз айыл чарбаны өнүктүрмөйүнчө көп тараптан көз каранды болобуз, жана бул биздин экономикабызга аябай чоң зыян берип келе берет.
+7
Rifle_I
2021-05-10 16:28:32
Путин чакырып айттат да эми, жөн эле жашай бер Турция дебей. Болбосо анча мынча рычагын эске салып, жыйынтыгын айтат кандай болушун.
+7
Rusi79
2021-05-10 18:30:19
Эмне болду Кыргызстандын саясаты бутуп Эми международный саясатчы болуп кетинерби. Сырткы кучторго куда берди кыйкырып орустарды жамандап.Биринчи озубузду НАН менен камсыздап алып анан суйлобойлубу я, бензин жок болсо эптеп эшек минип чай,май, шекер,ун,туз,кездеме жок болсо эптеп турабыз.
+3
nurik73
2021-05-10 18:44:48
Россияга коз каранды болгон жактарыбыз отто коп. Биринчиден бизде жумушсуздук. Экинчиден ички бюджет чондорду багууга аран жетет. Ал эми пенсия пособия тудум сюдумдарды сырттан озгочо россия тараптан келген жардамдардын негизинде толонот болуш керек. Так что как улуу катары Россиянын айтканын айла жок угуш керек.
+3
Reebok-citi
2021-05-10 19:08:36
Мигранттар бар үчүн эле келетда айла жок башка болбосом келбейт болчу президентибиз
+2
Spb
2021-05-10 21:24:09
Кече еле планла жок деп жазды елего ону пескофпу мескофпу ким еле чакырып атабы тушунуксуз


+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан