Депутаттар Тарых музейинин абалы менен таанышты

Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Көчмө жыйын мамлекеттик тарых музейинде болду.

Жыйында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев музейди оӊдоп-түзөө иштери, сыртына, ичине кеткен каражаттар тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында, музей 2016-жылдын 25-майында жабылган. Музейди реконструкциялоого мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 500 миллион сом бөлүнгөн. Андан тышкары Түрк кызматташтык жана координация агенттиги калыбына келтирүү иштерине 15 миллион доллар бөлгөн, ал имараттын сырткы бетин гана ишке ашыруу жумуштарына жумшалган.

Ошондой эле Тарых музейинин Vitrinen-und Glasbau REIER деген немис компаниясына 225 миӊ евро карызы бар. Ал компания музейге эмерек, жабдуу, экспонаттарды койгон. Музейде баары электрондук башкарууга толугу менен өткөрүлгөн. Учурда алардын программаларынын ачкычтары жогоруда аталган компанияда. Музей акчасы төлөнгөндөн кийин иштей баштары айтылды.

Талкууда депутат Кожобек Рыспаев аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө жогоруда көтөрүлгөн көйгөйлөрдү тездетип чечүүнү сунуштады. “Vitrinen-und Glasbau REIER компаниясына 225 миӊ еврону мамлекеттик органдар маселени бири-бириӊерге жүктөбөй, баарын биргелешип чечкиле“, - деди ал.

Депутат Бейшенаалы Нурдинов оңдоп-түздөө иштери бүтпөй жатып, чекесинен урай баштаган тарыхый мекемени оӊдогондордун ишин сынга алды. “Иштин башталышы же аягы жок чаржайыт, таман таштары сынып, суу өтмөктөрү бузула баштаптыр, имаратты оӊдогондор жоопкерчиликти алышсын”, - деп кошумчалады ал.

Эл өкүлдөрү реконструкциялоо иштери 5 жылдан бери бүтпөгөн тарыхый мекемени ушул жылдын 31-августунда, тактап айтканда Кыргыз мамлекетинин эгемендик күнүнө карата ишке киргизүүнү белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Milduri
2021-05-10 19:20:35
100 миң сомдук отургучтар, 25 миң долларлык жыгач аттары турат бекен?
+4
Jelezo
2021-05-10 19:43:36
Ушунча суммага жаңы музей салып дагы ашырып калса болмок уят деген жок.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан