Өзгөндө таксистти өлтүрүп, сөөгүн өрттөп дарыяга ыргытып салган өспүрүмдөргө сот өкүм чыгарды

Өзгөн шаарында өспүрүмдөр тарабынан өлтүрүлгөн таксисттин өлүмү боюнча сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айыпталуучулардын экөө 12 жылга эркинен ажыратылды. Сот алардын бирин 70 миң сом, экинчисин 15 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирген.

"Милицияга кабар бербегендиги үчүн камалган шектүүлөрдүн эки досу дагы кылмышты жашыруу беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылдык мөөнөткө эскертүү менен ата-энелеринин карамагына өткөрүп берилди", - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

2020-жылдын 24-июль күнү Өзгөн районунун Зергер айылынын 29 жаштагы тургуну 19-июль күнү унаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айтып, милицияга кайрылган. Бул факты Өзгөн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө 19-июлдан 20-июлга караган түнү маркум такси кызматында иштеп жаткан. Шектүү балдар аны райондогу касапканага жеткирип коюуну суранышкан. Айтылган дарекке келгенде шектүүлөр таксистке 100 сом беришкен. Бирок ал жер алыс болгондуктан маркум 200 сом берүүнү айткан. Мындан улам ортодо чыр чыгып, таксистти өлтүрүп алышкан. Алар сөөктү жашыруу максатында бензин чачып өрттөп, Кара-Дарыяга жансыз денени ыргытып жиберишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Aiza9797
2021-05-12 07:05:09
Өмүр бою кеспепсиңерда, канга буланган кол кийин чыгып дагы буланбашына ким кепилдик бере алат?!
+16
Dilnaz.1990
2021-05-12 07:56:28
Адам олтуртуруп сууга ыргытышкан не болду ошондо 12жыл коп эмесби а?2жыл эле бербепсинер акмак соттор 70минге азыр мышык к..т корсотпойт
+15
Asmat84
2021-05-12 08:07:30
Өлгөн бала кыргыз бала эле таксист. А тиги өлтүргөндөр ала топулар болчу айбандар...
+18
nazira...
2021-05-12 08:17:58
Asmat84,оба, бирок аз берип коюшуптур го. Сатып алышыптыр да туугандар. Кантип өлтурүп анысы аз келгенсип өрттөшкөн, көп эле жыл бериш керек болчу
+16
Nina.alex
2021-05-12 09:31:05
Америкадай 200-300 жыл берсе болмок.
+6
Mustafo
2021-05-12 10:35:16
Биздин соттор акча десе көтүнда берет , адилеттүү чечим чыгарбайсырбы , өмүр бойу камак жазасын бериш болчу
+9
IOA
2021-05-12 11:11:33
Ана сага алар эми 3 4 жылда чыгат.мыкаачылык менен олтурушкон. Сотторго Эл ишенбейт, адилеттуулук жок
+5
Zarema11
2021-05-12 11:38:39
баарын эле чогуу өмүр бою олтуруш керек эле го. Булардын баары атайлап өлтүрүп жатышпайбы. Сот болбой эле балее болдуго акыйкат кайда?
+5
Kombi
2021-05-12 11:57:37
Жанында жургондорго со участниктерге жок легенде 5 жылдан бериш керек болчу. Озгондо Диля деген бар адвокат бывший МЭРдин (корупционер)кырт жегичтин кызы туугандардан.ошол актаганда
+3
Perfekt
2021-05-12 14:33:24
Аз эле жыл берип коюшуптур. Аябай мыкаачылык менен олтурушкон.
+2
Taalai-bek
2021-05-12 18:15:10
Буларды камап тамак аш берип расход кылып отурбай эле билгизбей өлтүрүп, же колу бутун майып кылып койуш керек болчу. Же 3 чу вариант ошо Заргерге кочуруп барып койуш керек эле. Заргерликтер өздөрү билет эле эмне кылышты. Кезек менен коон дарьыз эктирип айылдан чыгарба таптакыр...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан