Лебединовка айылынан 26 жаштагы кызды уурдоого шектүү жигит 6 күндөн бери табыла элек

Чүйдүн Лебединовка айылынан 26 жаштагы Изат Курбанованы уурдоого шектүү жигит дагы деле изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

"Учурда бардык керектүү издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, шектүү 1997-жылы туулган Абдумалик Мамаяров аттуу жигит.

Окуянын чоо-жайы:

6-майга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 2001-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда 5-май күнү болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз жарандар Лебединовка айылында жайгашкан соода түйүндөрүнүн биринин алдынан арыз ээсинин эжесин Тайота-Эстима үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка уурдап кеткендигин жазган.

Кийинчерээк аны уурдаганга шектелген 1997-жылы туулган Абдумалик Мамаяров изделип жаткандыгы белгилүү болгон.

6-май күнү кечинде социалдык тармактарда уурдалды делген Изат Курбанова өз эрки менен кеткендигин айтып, ата-энесине кайрылуу жасаган видео тараган.

Кыз 7-май күнү милиция кызматкерлери тарабынан Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Ал эми аны уурдоого шектүү жигит табыла электиги кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aman_Mansurov
2021-05-11 18:29:26
Аты жөнүн, адресин билип туруп 6 күндөн бери таппай жатсаңар,уят эле. Силерди милиция деп ким айтат.
+1
NURSAPAR
2021-05-11 19:15:07
Ал кыз менен аны сүйөм, өзүм машинага чыктым тием деп жатпады беле. Дагы неге издешет
+5
Nur777
2021-05-11 20:12:45
Эми жайына койгула да...боодо жаш жигиттин убалына каласынар,кыз озу суйуп,озу ээрчип журсо,тием деп атса тийбегиле,айланайындар,сураныч!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан