Жалал-Абад облусунда Орозо айт намазы мечиттерде окулат

Жалал-Абад облусунда Орозо айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу облустук штабдын отурумунда маалымдалып, район-шаар башчылары жана тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилгенин шаардык мэриядан кабарлашты.

Отурумда облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков пандемиялык шартка ылайык, 13-май күнү өтүүчү Орозо айт намазын мечиттерде гана окулуусун көзөмөлдөө керектигин айткан.

Анда аралык, санитардык талаптардын сакталышы жана коомдук коопсуздук каралат. Облуста жалпы 690 мечит болуп, анын 270и жума намаз окулуучу мечиттер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан