УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалдык беттешин Стамбулда эмес, башка шаарда өткөрүшү мүмкүн

УЕФА жакында Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган Чемпиондор Лигасынын финалдык оюнун башка шаарда өткөрүшү мүмкүн. Мындай маалымат дүйнөлүк басылмаларда жазылды.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, тараптар "Челси" менен "Манчестер Сити" клубдарынын беттешин Англияда өткөрүүнү сүйлөшүп жатышат. Финалдык оюнду өткөрүү үчүн потенциалдуу жер "Уэмбли" стадиону болуп жаткандыгы белгилүү болду.

Ошондой эле УЕФА Түркияга келтирген чыгымы үчүн жана Түркия Республикасынын 100 жылдыгына белек катары 2022-2023-жылдагы Чемпиондор Лигасынын финалдык беттешин Стамбул шаарында өткөрүшү мүмкүн экендиги да айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан