"Центерра Голд" компаниясы өлкөдөгү саясий процесстерге одоно киришкен. Мындай пикирин "Кумтөр" кени боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, канадалык компания өлкөнүн президенттерин шайлоого таасир эткен.
"Биз абдан кызыктуу фактыны байкадык. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына билдирүү жөнөттүк, жума күнгө чейин жооп келет деп ойлойм.
2011-2012-жылдардагы Центерра тарабынан бөлүнгөн демөөрчүлүк жардамдын каражаттары бюджеттик мыйзамды жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамды бузуу менен казына системасынан сырткары колдонулган. Муну менен эле катар ал каражаттардын сарпталуусу Финансы министрлиги тарабынан жана башка мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөнгөн эмес. Ошондуктан Центерранын 10 миллион доллар өлчөмүндөгү спонсордук каражаты 2011-жылдын сентябрь айында Жарандык турак жай департаментинин эсебине которулуп, казына системасынан сырткары колдонулган.
Бул каражаттын эсебинен курула турган курулуш объектилеринин тизмеси президенттик шайлоого чейин, үгүт учурунда ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаев тарабынан бекитилген. Башкача айтканда, Центерра компаниясы өлкөдөгү саясий процесстерге одоно киришип, биздин өлкөнүн президенттерин шайлоого таасир эткен", - деди Жапаров.