УКМКда камакта отурган активист Мелис Аспеков 14-май күнү өзүнүн Фейсбук баракчасына "Садыр Жапаров өзүнүн шайлоосуна Сооронбай, Асылбек Жээнбековдордон 10 миллион доллар алган, аларды жоопкерчиликке тартпайт, камай албайт", - деген билдирүү жазган.
Ошондой эле Аспеков шайлоодогу үгүт иштеринде Жапаровдун штабында иштеп жүрүп, көп иштерге күбө болгонун айтып бир нече мисал келтирген.
Бул боюнча экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жактоочусу Асылбек Кочкоров билдирүү таратты.
"Бул билдирүү карандай калп, коомчулуктун көңүлүн сот алдына жооп бере турган өзүнүн ыплас иштеринен алаксытып, башка жакка бурууга далбас экени кимге болбосун түшүнүктүү. Бул максатта Аспеков башкаларга жалаа жаап, жалган билдирүү таратып, өлкөдөгү таанымал адамдардын ысымын колдонуу жолу менен ызы-чуу салып, элди алаксытууга жандалбастап жатат. Аспековдун бул билдирүүсү карандай калп, биз аны жалаа жапканы үчүн сотко беребиз", - деп жазылат билдирүүдө.