Ырчы Кызсайкал Кабылова SUPER.KG порталына маек берди.
"Азыр мен сүйгөн же мени сүйгөн киши жок. Жолуга элекмин. Кудай мени ушул кыз бир аз иштеп алсын деп жатат окшойт. Анан жолуктурам деп. Башка энелер сыяктуу эле балалуу болгондон кийин балаңдын келечегин көбүрөөк ойлоп калат экенсиң. Эч нерседен кем кылбайын, бактылуу балалык тартуулайын деп эле. Кызым азыр чоңоюп, кылыктары жүрөктү элжиретет. Жашоомдогу бурулуштар мени турмушка, жашоого олуттуу караганга үйрөттү", - дейт Кабылова.