"Балам кылмыш жасабаса эмнеге кармалышы керек?. Велосипедди жетелеп өтүш керек". Иса Өмүркулов уулу катышкан жол кырсыгы тууралуу үн катты

Депутат Иса Өмүркулов уулу Азамат Исаев катышкан жол кырсыгы тууралуу үн катты. Эл өкүлү кырсык боюнча уулуна эч кимдин доосу жок экенин SUPER.KG порталына айтып берди.

"Кудай сактасын, уулум наркоман эмес. Бул жөнөкөй эле окуя. Каршы тилкедеги унааларды өткөрүп, жол чырактан бурулуп жатканда велосипедчен кыз өтүп баратыптыр. Эреже боюнча велосипедди жетелеп өтүш керек. Балам бурулганда тиги кыз келип велосипеди менен унаанын капталына урунуп калыптыр. Болгону ушул.

Балам кылмыш жасабаса эмнеге кармалышы керек? Бул жол кырсыгы. Чечиле турган маселе жок, тема жабылган. Эч кимдин бизде доосу жок", - деди Өмүркулов.

Буга чейин Иса Өмүркуловдун уулу велосипедчен жүргүнчүнү сүзүп кетти деген маалымат тараган.

2011-жылы Бишкек-Торугарт унаа жолунан ал кездеги Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев жол тандабас унаасы менен каршылаш тилкеге чыгып, Ауди үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кырсыктан 3 адам каза таап, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен кылмыш иши ачылып, акырында экс-мэрдин уулу шарттуу түрдө 7 жылга кесилген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
rafo80
2021-05-16 20:51:41
Аллах жазаңарды берсин.
+22
Aibek_eka
2021-05-16 20:52:06
Алжыган чал 3 кишин олтуро сускон сенин балан!какая разница волесепетин инип отобу жетелеп отобу сусдуда машинасы менен
+21
Alfiya
2021-05-16 20:56:12
Уч адамды олтуро сузгон бул эмне болуп калыптыр десен
+24
futboler
2021-05-16 21:16:12
Уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат.
+18
Petrovka
2021-05-16 21:29:10
Болгону ушул. Жакшы жооп экен.
+12
nazira...
2021-05-16 21:52:32
Начар адам экен, ушундайлар депутат болуп отурганы үчүн кыргызстан өнүкпөйбүз. Эмне өлтүрө сүзгөндө жакшы беле сага, акмак. Ушул сөзүн үчүн сени кошуп камаш керек. Кудай көрсөтсө экен дагы, бул аз деп тоготпогонун кара. Бу жепжутарлардын балдары согушпайт деле, өлбөйт деле тооба кылдым. Андан көрө тооба келтирип, садага чыгар. Сүйлөгөн сөзүн кара, тешип чыккыр.
+17
Kyrgyz_bloger
2021-05-16 22:15:11
Жетелеп откондо сузбой калмак беле
+17
RNA78
2021-05-16 22:51:34
Бетиңи табактай кылып, турушуң менен 3 тамга экенсиң.
+10
Dembele84
2021-05-16 22:57:46
Ушул бок курсактардыкы отту,жоопко тартылабы же только карапайымдын балдары тартылабы!?
+9
TIMON_BERKOWITZ
2021-05-17 00:21:51
Коркутуп уркутуп оозун жапканынар жакшы экен, эртен олгондо Кудайдын алдында айтып кор ушинтип.
+6
Aidar.001
2021-05-17 00:37:21
Калыстык учун айтып коёюн оз оюмду, эгерде велосипед тепкен адам пешеходдон отоор кезде велосипедин тээп отсо ПЕШЕХОД болуп эсептелинбейт! А айдоочуу велосипедчен отобу мотоцикл менен пешеходдон отобу; -20, 30 секунда кутуп жолун уланта берсе ушуга окшогон кырсыктар болбойт эле, шашкан болсон 1, 2 минута кечигээрсин, Сабырдуу бололу айдоочулар! !!
-1
Nursultan.92
2021-05-17 01:45:58
3 адамды сузуп олтурсон 7 эле жылга кесилсе а бир адамды олтурсон ошондо 2 жыл 4 ай болуп калабы, бизде деги акыйкат сот барбы
+4
Nuuman
2021-05-17 04:20:18
Эрежеде велосипедди жетелеп өтүү керек болот. Мен өзүмда велосипед менен келип машинаны сүзгөнмүн. Мени байкабай чыгып берген. Ошондуктан велосипед тепкен адам да эрежени сактоо керек. Айдоочу тем более сактоо керек. Этият болгула.
+2
aerforce
2021-05-17 07:48:48
Балан канча адамдын башын жеди? Балан айдаган машынана эле алдына секире калат экенда ээ? Оо кебетен менен силердин
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан