Депутат Акылбек Жапаров: "Өлкөдө бийлик алмашкан сайын "Кумтөр" боюнча комиссиялар түзүлөт"

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө.

Анда "Кумтөр" боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы депутат Акылбек Жапаров баяндама жасап жатат.

"Өлкөдө бийлик алмашкан сайын "Кумтөр" боюнча комиссиялар түзүлөт. Комиссиялардын баары улам мыйзам бузууларды, кемчиликтерди табышса деле, кыргыз тараптын шарттарын бир аз жакшыртымыш болушат. 30 жылдан бери "Кумтөрдүн" маселеси аягына чыкпай келет. 30 жыл мурда "Камека" компаниясы тендери жок, кадыр-барктуу компанияларды пайдалуу сунуш бергенине карабастан, "Кумтөрдү" иштетүүгө укук алган. Өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген келишимге 1993-жылы кол коюлган", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан