Иса Өмүркуловдун уулу катышкан жол кырсыгы. Жабырлануучу кыз милицияга арыз жазуудан баш тартты

Депутат Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев катышкан жол кырсыгынан жабыркаган кыз милицияга арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 155-беренеси "жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Айдоочу алгачкы наркологиялык текшерүүдөн өткөргөндө мас абалда болгону аныкталган. Кайра кошумча экспертиза дайындалган", - деп билдирди Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан.
Окуянын чоо-жайы:
Буга чейин депутат Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев велосипедчен жүргүнчүнү сүзүп кетти делген маалымат тараган.

Белгилүү болгондой, кырсык борбор калаанын Токтоналиев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Жабырлануучу 1992-жылы туулган М.Ж. аттуу кыз ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле тийиштүү органдар депутаттын баласы Porsche Panamera үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатканын билдиришкен.

Көп өтпөй SUPER.KG порталына Депутат Иса Өмүркулов кырсык боюнча комментарий берген. Ал уулу наркоман эместигин айтып, буларга токтолгон: "Каршы тилкедеги унааларды өткөрүп, жол чырактан бурулуп жатканда велосипедчен кыз өтүп баратыптыр. Эреже боюнча, велосипедди жетелеп өтүш керек. Балам бурулганда тиги кыз келип велосипеди менен унаанын капталына урунуп калыптыр. Болгону ушул. Балам кылмыш жасабаса эмнеге кармалышы керек? Бул жол кырсыгы. Чечиле турган маселе жок, тема жабылган. Эч кимдин бизде доосу жок", - деп билдирген Өмүркулов.

Бүгүн, 17-майда жабырлануучу кыз ооруканага жатуудан баш тартып, үйүнө чыгып кеткени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shabi
2021-05-17 13:34:03
Конечно акча менен,депутаттык тош белги баарын чечет да.айтпаса да белгилуу да
+9
Apyn8793
2021-05-17 14:22:09
Акчаны берген экен болушунча. Кыздын велосипеди машина тууп берсе керек.
+6
Dembele84
2021-05-17 16:04:06
Акча менен бетке бир чапты да
+2
forever88
2021-05-18 01:16:32
Dembele84,акча менен чапса го жакшы, коркутуп уркутпой.
0
zilish_kg
2021-05-17 22:03:20
Арыз жазуудан баш тартса да, жол эрежеси мыйзам бузулуп жатпайбы? Адилеттик жок өкүнүчтүү.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан