Депутат Жанар Акаев "Кумтөр" боюнча маселени аягына чыгаруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.
"Мындан бир нече жыл мурун Өмүрбек Текебаев ушул трибунадан сүйлөп жатып, "Курманбек" эпосун эске салган. Баатыр Курманбекке душманды чаап келейин деп Телторуну сурап келгенде, атасы бербей коёт. Силер парламенттен атты сурап келдиңер, биз бардыгын жайлайбыз деп. Мындай учурда парламент сөзсүз түрдө атты берип, батабызды беребиз. Анткени биз мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшубуз керек.
Кыргыз саясатындагы эң чоң трагедия кеткен кишилерди тепкилеп калмай адатыбыз бар. Сиз ушул жерде депутат, вице-премьер-министр, министр болгонсуз. Убагында катачылыктарды көзүнө сайып көрсөткөндө, мындай окуялар болбойт болчу. Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн талкалаганга добуш берген. Кыйын кырдаалда өз убагында айтып, чектеп калганга жетишибиз керек. Электр тарифине окшоп, казиного окшоп артка кайтпай, аягына чейин чыгыңыздар", - деди Жанар Акаев.