Жогорку Кеңештин төрагасы: "Трансчекаралык дарыяларды булгаганы үчүн "Центерра Голд" компаниясынын жоопкерчилигин кароо керек"

"Центерра Голд" компаниясынын жоопкерчилигин кароо керек. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда парламенттин кезексиз жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов билдирди.

Мамытов канадалык компания тарабынан экологиялык мыйзамдарды бузуу Кыргыз мамлекетинин гана эмес, Сыр-Дарыя менен Аму-Дарыянын төмөнкү агымында жайгашкан аймактардагы башка өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына да таасир этерин белгилеп, ушунун баарын эсептөөнү сунуштады. "Бул маселе биз ойлогондон дагы кененирээк каралышы керек, анткени мөңгүлөрдүн талкаланып, суу ресурстарынын булганышы биздин мамлекетке гана эмес, коӊшу өлкөлөргө дагы зыянын тийгизип жатат. Доонун көлөмү кыйла көбөйөт деп болжолдой алабызбы?", - деген собол салды ал.

Экология жана климат боюнча комитеттин төрайымы Динара Кутманова "Центерра Голд" компаниясына коюлган доо мындан дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди. "Дагы экологияны бузган эки факты боюнча талдоо жүргүзүлүп жатат. "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" мыйзамдын 15-беренесинде суу ресурстарын булгаганы үчүн айыптар каралган. Эгер компаниянын айлана-чөйрөгө зыян келтиргени тастыкталса, тиешелүү чаралар көрүлүүгө тийиш", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан