реклама
super.kg logo

Сузакта мал айдап бара жатып дарыяга түшүп кеткен 6 жашар баланын жансыз денеси табылды

 
Сузакта мал айдап бара жатып дарыяга түшүп кеткен 6 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Калмак-Кырчын айылындагы Канжыра дарыясына 2015-жылы туулган М.уулу М. мал айдап баратып Көк-Арт дарыясына агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерине 13 куткаруучу тартылып, кечки саат 17:00дө М.уулу М. аттуу баланын жансыз денеси табылып саат 17:24тө туугандарына өткөрүлүп берилди", - деди басма сөз катчы.
Буга чейин саат 12:45те ӨКМнын Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 кызматкер тартылып, дарыяга түшүп кеткен баланы издөө иштери жүрүп жатканы айтылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170512;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: