11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Кийин Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештердин шайлоосунун жыйынтыгы жокко чыгарылды.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштурууга бюджеттен 425 миллион сом кеткен.
Бишкек шаардык кеңештин шайлоосунун жокко чыгышына КЭДП, “Эмгек” жана “Ак-Бата” партиялары шайлоодон четтетилип, алар топтогон добуштар жараксыз деп табылганы негиз болгон.
Ош шаарында 11-апрелде шайлоо күнү, ошондой эле айрым партиялардын талапкерлери тарабынан үгүт өнөктүгү учурунда болгон массалык мыйзам бузуулар үгүт өнөктүгүнүн мыйзамдуулугуна шек жараткан.
Токмоктогу шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгышына административдик ресурс колдонулганы негиз болгон.
Эми кайрадан үч шаардык кеңешке шайлоо өткөрүүгө казынадан канча каражат кетет?
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, шайлоону кайра өткөрүү үчүн болжолдуу түрдө 39 миллион сом кетет. "Шайлоону президент дайындайт. Мыйзам боюнча шайлоонун расмий жыйынтыгынан кийин 1 айдын ичинде дайындалат. Ал эми канча каражат кете тургандыгы тууралуу айтсам, өткөнкү шайлоодо 39 миллион сомдой каражат каралган. Мында деле ушундай болот. Бир аз көбүрөөк болушу мүмкүн", - дейт ал.