
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мал айдап бара жатып дарыяга түшүп кеткен 6 жашар баланын окуясынын чоо-жайын
SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматынан айтып беришти.
"6 жашар бала жайлоого атасынын инисинин үйүнө барган. Алар дарыяга жакын отурукташкан экен. Окуя болгон күнү 6 жашар бала байкеси менен малга туз бергени дарыянын аркы өйүзүнө өтүшкөн. Баланын байкеси малга туз берип жүргөндө бала үйдү көздөй кетип калган. Келе жатып чалынып кетип, дарыяга түшүп кеткен. Бала түшүп кеткен жерде суу шар агып, агымы катуу болгон. Небереси сууга түшүп кеткенин чоң энеси көрүп калган. Бирок ал кырда отургандыктан, дарыяга келип куткарып калганга үлгүргөн эмес. Ошентип 3 жарым сааттык издөө иштеринде баланын жансыз денеси табылган", - деди басма сөз кызматкери.
Кечээ Сузакта мал айдап бара жатып дарыяга түшүп кеткен 6 жашар баланын жансыз денеси
табылган.