Чүйдө 54 жаштагы жаран үй-бүлөлүк чырдан улам үйүн өрттөп жиберип, андан конокко келген аял каза болду

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында үйдөн чыккан өрттөн улам 40 жаштагы аял каза болуп, дагы бир 57 жаштагы аял көмүр кычкыл газына ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-майда саат 22:48 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги батирден өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

"Окуя болгон жерде ички иштер бөлүмүнүн тергөө тобунун кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана медициналык кызматкерлер иштешкен. Алдын ала маалыматтар боюнча, жогоруда аталган батирде 54 жана 53 жаштагы жубайлар жашап келишкен, бирок өрт учурунда батирдин ээлери үйдө жок болгон.

Өрттүн кесепетинен батир толугу менен күйүп, натыйжада бир батирдин ээси 57 жаштагы Р.Г. аттуу аял көмүр кычкыл газына ууланып, жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Анын жанындагы 40 жаштагы П.Н. аттуу коногу ошол жерде каза болгон (алдын ала маалымат боюнча, көмүр кычкыл газына ууланган).

Тиешелүү иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан 54 жаштагы өрт чыккан батирдин ээси кармалып, милиция бөлүмүнө алып келинген. Башында үй ээси өрткө тиешеси жоктугун айткан, бирок кийинчерээк өзүнүн үйүн үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өрттөгөнүн мойнуна алган. Учурда бардык жагдайлар такталып жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 261-беренеси "коопсуздук эрежелерин бузуу" жана 135-беренеси "шалаакылык менен өлүмгө алып келиши" менен катталып, сотко чейинки өндүруш иши ачылган.

Учурда керектүү экспертизалар дайындалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан