Биз социалдык тармакта

Бүгүн борбордо "Музейдеги түн" иш-чарасы өтөт

Бүгүн, 18-майда саат 17:00дөн 22:00гө чейин борбор калаанын музейлеринин эшиктери бардык шаардыктар жана борбордун коноктору үчүн ачык болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, музейлерде келген коноктор үчүн көрүнүктүү инсандардын жашоосу жана чыгармачылыгы жөнүндө кызыктуу экскурсиялар сунушталат жана кызыктуу даректүү тасмалар көрсөтүлөт.

Сүрөт тартуу, скульптура жасоо жана прикладдык искусство: түстүү жүндөн, кийизден, көлөмдүү топтордон жасалган буюмдар, кагаздан гүлдөрдү жасоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

Музейлердин даректери:

  • Тыныстанов көчөсү, №108 дареги боюнча Ольга Мануилованын мемориалдык үй-музейи, тел. 66 11 74;
  • Тыныстанов көчөсү, 78 дареги боюнча Гапар Айтиевдин музей-устаканасы. тел. 62 31 66;
  • Чуйков көчөсү, 87 дареги боюнча Семён Чуйковдун мемориалдык үй-музейи, тел. 30 33 64;
  • Чуйков көчөсү, 109 дареги боюнча Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй-музейи, тел. 30 03 57.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан