Депутаттар чек ара маселеси боюнча маалымат угууну сунушташты

Депутат Бурун Аманова чек ара маселесин кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Алай тарапта чек араны тажик тарап бузуп жатканы жөнүндө маалыматтар чыгып жатат. Бул маалыматтын канчалык чындыгы бар? Чек ара кызматын чакырып маалымат алалы", - деди Аманова.

Ал эми депутат Аккулу Бердиев Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду чакырып, маалымат угуу керектигин айтты. “Чоң-Алайдагы Кыргыз-Тажик чек арасында Тажикстан тарап окоп казып жатат деп кооптонуп телефон чалып жатышат. Азыр Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду, Чек ара кызматынын башчысын чакырып маалымат укпайлыбы”, - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан