SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаштык айылынын тургуну кайрылды. Анда ал айылдагы каналга суу келбей, дыйкандар жабыр тартып жатканын айтты.
"Айылыбыз Тажикстан менен чектешкен, чек ара жаңжалында эл көчүп чыккан айылдардын бири. Азыркы убакта күн катуу ысып 30-35 градуска көтөрүлүп жатат. Каналда суу жок. Бир күн акса, үч-төрт күн жок болот. Элдин мээнет менен күн көрүп, үмүт кылган эгиндери, арпа, буудайы бышпай куурай баштады.
Айылыбыздын эли өрүк менен күн көргөндүктөн, көп жылдык бак-дарактар да куурап жатат. Азыр суу маселеси ушундай болсо эртең жайдын ысык күнүндө айылыбыз кургап чөлгө айланат.
Жылдын башында премьер-министрибиз Улукбек Мариповдун ар бир айылда арык, каналдарда суу болсун. Өзүм барып текшерем деген сөзү бар. Биздин айылыбызда суу эң көйгөйлүү меселе", - деп кайрылган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.